Кыргызстанда бир күндө пневмониядан 23 адам каза болду

Кыргызстанда бир күндө пневмониядан 23 адам каза болду

Соңку суткада коронавируска тапшырган анализи таза чыгып, бирок өпкөсүнөн кагынып  23 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, 1724 адам пневмония дартты менен стационарларда жатат.  Алардан 337 адам оор абалда болсо, 112си жандандыруу бөлүмдөрүндө.

Штабдын маалыматына караганда өпкө оорусунан каза болгондор 120 адамга жетти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>