Кыргызстанда бир күндө 479 адамдан коронавирус табылды

Кыргызстанда бир күндө 479 адамдан коронавирус табылды

Республикалык ыкчам штабдан кабарлашынча Кыргызстанда бир күндө 479 адамдан коронавирус илдети табылды.

Илдет эң көп Бишкек шаарынын тургундарынан табылган.

“Бишкек шаарында 169 адамдан,  Ош шаарында 26, Чүй облусунда 77, Ош облусунда 15, Талас облусунда 23,  Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 59,  Жалал-Абад облусунда 64,  Баткен облусунда 45 кишиден илдет аныкталды”, — деп айтылат штабдын маалыматында.   

Ошондой эле бир күндө 439 адам сакайып, ооруканалардан чыккан. 

Мунун менен Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 66 миң 983тү түздү. Алардын ичинен 57 миң 760 киши илдеттен сакайды.

Белгилей кетсек, 15-ноябрда Кыргызстанда коронавирустан 4 адам көз жумду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>