Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда бир түндө 51 мас айдоочу кармалды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн рейддик иш-чаранын алкагында 6-декабрдан 7-декабрга караган түнү өлкө аймагында жол эрежелерин одоно бузган 2524 айдоочу аныкталды.

Алардын ичинен;

-мас абалында унаа башкарган 51 айдоочу;

-тийиштүү докумменттери жок унаа башкарган 72 айдоочу;

-ылдамдыкты ашырып айдаган 435 айдоочу;

-каршы тилкеге чыгып унаа башкарган 20 айдоочу;

Ошондой эле 258 унаа одоно жол эрежелерин бузгандыгы үчун айып короо жайына токтотулду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version