Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда бир жумада 192 мас айдоочу кармалды

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 29-апрелден 5-майга чейин 20 817 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Алардын ичинен:

— тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 247;

— мас абалында унаа башкаруу -192;

— авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 63;

— жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 318;

— транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 6 095;

— авто ээнбаштык — 14;

— белгиленген ылдамдыктан ашуу — 2 989;

— жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 4;

— башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 10 895;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 351 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version