Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда бир жумада 220 мас айдоочу кармалды

мигалка, полиция, милиция

Кыргызстанда 17-июндан 26-июнга чейин 20 миң 963 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

— тийиштүү документтери унаа башкаргандар — 233;
— мас абалында унаа айдагандар — 220;
— унаанын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу — 64;
— жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 833;
— унаа каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 4 миң 611;
— автоээнбаштык — 9;
— ылдамдыктан ашырып айдоо — 4 миң 134;
— башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 10 миң 859;

Ошол эле учурда, жол эреже бузуу боюнча 1 миң 550 авто унаа айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version