Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда бир жумада 221 мас айдоочу кармалды

Кыргызстанда бир жумада 221 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, 18нен 24-ноябрга чейин өлкөдо 19 миң 378 жол эреже бузуу катталып, 1 миң 584 унаа айып короого коюлган.

Апта ичинде аныкталган жол эреже бузуулар:

  • Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 1 миң 108;
  • Мас абалында унаа айдагандар – 221;
  • Унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 64;
  • Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 581;
  • Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 миң 44;
  • Автоээнбаштык – 9;
  • Белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3 миң 302;
  • Жалган мамлекттик номер менен унаа башкаруу – 9;
  • Башка жол эреже бузуу фактылары – 11 миң 40;
Exit mobile version