Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда бир жумада 230 мас айдоочу кармалды

Кыргызстанда бир жумада 230 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 11-17-декабрда өлкө боюнча 13 миң 967 жол эрежесин бузуу аныкталган. Алардын ичинен 195 айдоочу унааны тиешелүү документтери жок айдап жүргөн, 230 жаран мас абалда унаа башкарган, 2 миң 138 айдоочу ылдамдыкты ашырып айдаган.

Ошондой эле:

— Унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 35;

— Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 980;

— Унааны эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 2 миң 428;

— Автоээнбаштык — 19;

— Жалган мамлекттик номер менен унаа башкаруу — 3;

— Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 7 миң 939;

Жол эреже бузган 1 миң 358 айдоочунун унаасы айып короосуна токтотулган.

 

Exit mobile version