Кыргызстандын аймагында бир жума ичинде 21 680 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 29-январдан 4-февралга чейин, алдын ала маалымат боюнча 21 680 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Алардын ичинен:
— Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-291 ;
— Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -367;
— Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-57;
— Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-1726 ;
— Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-3336;
— Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 3181;
— Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 6;
— Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 12 716 ;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2151 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз