Кыргызстанда бир жума ичинде (5-февралдан 11-февралга чейин) сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекция 7216 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.
Өткөн жумага салыштырмалуу көрсөткүчтөр 0,7%га төмөн. Ооруга чалдыккандардын 68,8%ын 14 жашка чейинки балдар түзөт.
Курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоого байланыштуу республика боюнча мектептерде окуулар токтогон жок, балдардын сабакка катышуусу жакшы.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз