Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда бир жылда эки ирет боюна бүткөн аялдар бар

Кыргызстанда бир жыл ичинде 160 миңге жакын аял көз жарат, алардын ичинен 16 миңи бир жылда эки жолу толгоо тарткандар. Ал эми 30 миңи аралыгы бир жылдан төрөгөндөр. Бул тууралуу Кыргыз үй-бүлөнү пландаштыруу альянсынын директору Бактыгүл Бозгорпоева билдиргенин «24.kg» жазды

Анын айтымында, төрөттөн кийин организмдин калыбына келүүсү үчүн убакыт керек.

«Эге аял бойго бүтүү аралыгын 2,5 жылдан сактанса, анда анын 8-10 наристени жарык дүйнөгө алып келүүгө күчү жетет», — дейт Бактыгүл Бозгорпаева.

Ал белгилегендей, төрөөгө тыюу салынган аялдар бар. Аларга кургак учук, талма оорусу, жүрөк оорусу, бөйрөк оорусу ж.б. оорулары болгон үчүн төрөө мүмкүнчүлүгү чектелген. Бирок алар доктурлардын сунуштарына кулак салбай акыры бойлоруна бүтүрүшөт да ооруканага төрөөр алдында гана пайда болуп калышат. Жыйынтыгында жыл сайын өлкөдө 45-50гө жакын аял көз жумат.

Exit mobile version