Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда биринчи жолу балдар үчүн «Киби» протези жасалды

Кыргызстанда биринчи жолу балдар үчүн заманбап активдүү «Киби» протези жасалды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги алдындагы Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинен билдиришти.

Маалыматка караганда, протезди аталган мекеменин протезчилери Сколковонун резиденти — «Моторика» компаниясынын  компоненттеринен жасашкан.

Мекеменин директору Ализа Солтонбекованын айтуусу боюнча, «Киби» — бул жөнөкөй иштөө принциби бар протез, ал электроникасыз иштейт жана суудан коркпойт.

“Бала кичинекей кезинен баштап функционалдык протезди колдонушу зарыл. Бул жөн гана баланын адатын калыптандыруу же протезди өзүнүн бир бөлүгү катары кабыл алуу эмес. Кол протездери функцияларды гана жакшыртпастан, ден соолуктун бузулууларынын алдын алууга, колдун туруктуу тонуста болошуна жана балдардын күнүмдүк турмушуна көнүгө мүмкүндүк берет”, — деди А. Солтонбекова.

Заманбап протездин жасалып башталышына алгачкы кадам 2022-жылдын август айында Сколковонун резиденти «Моторика» компаниясы, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана Республикалык протездик-ортопедиялык мекеменин ортосундагы үч тараптуу келишимге кол коюу менен башталган.

Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин протезчилери жана техниктери атайын окуудан өтүп, колго жана билектерге «Киби» протездерин жасоо боюнча сертификаттардын ээси болушкан.

Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин каттоосунда  кол жана билек  протездерине  муктаж жарандардын саны 311 түзөт, анын ичинен  26-сы балдар.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version