Кыргызстанда биринчи жолу эки күндүк ымыркайга стент салуу боюнча операция жасалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, операция Ош шаарындагы кыргыз-орус клиникасынын базасында жүргүзүлдү.
“Ымыркайдын өмүрүн сактап калуу үчүн Бишкектен өлкөнүн башкы кардиохирургиялык борборунан кардиохирургдар, перфузиологдор, анестезиологдор, эндоваскулярдык хирургдар бригадасы келишти”, — деп айтылат маалыматта.
Мындай операциялар башка өлкөлөрдө кеңири жасалып келет. Ал эми кыргызстанда жаңы төрөлгөн ымыркайга биринчи жолу жасалды.
Учурда баланын абалы туруктуу деп бааланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз