Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда биринчи жолу онлайн митинг өттү

Кечээ, 5-июнь күнү социалдык тармактарда “Тажадым!” аттуу онлайн митинг өттү.

Митингге «Инстаграм», «Фейсбук» аркылуу катышкандар өлкөдөгү туңгуюк абал, чек ара маселеси, блогерлерди басмырлоо, коррупция жана башка маселелер тууралуу ойлорун айтышып, талаптарын жана  сунуштарын бийликке жеткирүүгө аракет кылышты.

Парламент депутаттары Жанарбек Акаев, Дастан Бекешов, юрист Клара Сооронкулова жана Афтандил Жоробеков, Эрулан Көкүлов, Айбек Баратов сыяктуу жарандык активисттер спикер катары катышышты. Ал эми түз эфирди көргөндөр онлайн митингдин катышуучусу деп эсептелди.

Exit mobile version