2024-жылы Кыргызстанда 36 аял кош бойлуу жана төрөт учурунда каза болгон. Мындай маалымат 31-январда Саламаттыкты сактоо министрлигинин коллегиясында айтылды.
2023-жылы 38 аял каза болгон. Же болбосо 100 миңге 25,8 болуп, эне өлүмүнүн көрсөткүчү 0,6%га азайган. Өткөн жылы энелердин өлүмүнүн эң жогорку деңгээли Ысык-Көл жана Талас облустарында катталган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз