Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда чочко тумоосунун 34 учуру катталды

Октябрь айынан бери Кыргызстанда чочко тумоосу менен ооруган 34 учур катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Маалыматка караганда, сасык тумоо вирусунун  «А, В жана С» деген үч түрү бар. Алар түзүлүшү боюнча айырмаланып, ар кандай оордуктагы ооруларды пайда кылат. А тибиндеги вирус сасык тумоонун эң оор түрлөрүн (адамдар оңой көтөрө алган В жана С түрлөрүнөн айырмаланып) пайда кылат.

Оорунун эпидемиялык өсүшү ноябрдан баштап байкалууда, оорунун эң жогорку чеги январь жана февраль айларынын аягында болот.

«Октябрь айынан баштап ушул убакка чейин медициналык жардам сурап кайрылган бейтаптардан жалпысынан 764 сасык тумоонун үлгүлөрү текшерилди»— деп билдиришти башкармалыктан.

SES A/H1N1 тумоосу чочко тумоосунун бир нече вирусунун биринен келип чыккан чочколордун курч респиратордук инфекциялык оорусу экенин эске салды.

«Адатта, анын клиникалык белгилери сезондук сасык тумоого окшош, бирок билдирилген клиникалык көрүнүш симптомсуз инфекциядан оор пневмонияга чейин ар түрдүү. Адамдарда сасык тумоонун  А (H1N1) инфекциясынын типтүү клиникалык көрүнүшү сезондук сасык тумоо жана жогорку дем алуу жолдорунун башка курч инфекцияларына окшош болгондуктан, көпчүлүк учурлар сасык тумоого сезондук байкоо жүргүзүү учурунда кокусунан аныкталат», — деп кошумчалады департамент.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version