Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда чыгарылган унаалар 13 миң доллардан башталат

Кыргызстанда чыгарылган унаалар 13 миң доллардан башталат. Бул тууралуу Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында «ДТ Техник» ЖЧКсынын директору Фархатжон Досматов билдирди.

Депутаттар Министрлер кабинети менен Өзбекстан өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстандын автомобиль жана коммерциялык унааларды чыгарууну уюштуруу боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоорун талкуулашты.

Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Суу айылында автоунаа чыгаруучу завод курулат. Баштапкы этапта биз Chevrolet жана Isuzu коммерциялык унааларын чыгарууну пландап жатабыз. Жеңил унаалар 13 000 доллардан, жүк ташуучу унаалар 28 000 доллардан башталат. Биз тарифтерди көтөргөн жокпуз, болгону ишкананы салыктан бошотуп, Өзбекстан менен Казакстандагыдай алгачкы импульс берип, иш башталсын деп жатабыз», — деди Фархатжон Досматов

Белгилей кетсек, Өзбекстан менен Кыргызстан Өзбекстандын жеңил унааларын чыгаруучу жаңы завод куруу үчүн жер бөлүнгөн. Долбоорду Өзбекстандан «Узавтосаноат» акционердик коому, ал эми Кыргызстандан «ДТ Техник» ЖЧКсы жана «Нур» акционердик коому ишке ашырат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version