Кыргызстанда COVID-19 дагы үч адамдын өмүрүн алды

Кыргызстанда COVID-19 дагы үч адамдын өмүрүн алды

Кыргызстанда акыркы суткада үч жаран коронавирустан каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, каза болгондордун экөө Ош облусунда, бирөө Баткен облусунда катталган.

11-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус 306  адамдан табылып, бул илдетке кабылгандардын жалпы саны 48 миң 924 адамга жетти. Алардын ичинен 44 миң 227 адам айыгып чыкса, 1 миң 82 адам илдеттен улам каза болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>