Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда COVID-19га каршы 1,4 млн адам эмделди

Кыргызстанда COVID-19га каршы биринчи доза менен 1,4 млн адам эмделди. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда, маалыматтык жыйында Иммундук алдын алуу республикалык борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдиргенин COVID-19га каршы республикалык штаб кабарлады.

Маалыматка караганда, коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи баскычы 2021-жылдын мартында башталган. Эмдөөлөрдү жайылтуу боюнча Улуттук планга ылайык, негизинен артыкчылыктуу топтор эмдөөдөн өтүштү — булар медицина кызматкерлери, социалдык кызматкерлер, мугалимдер, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, өнөкөт оорулары бар адамдар.

Медицина кызматкерлерин экинчи доза менен камтуу 80% түздү.

Билим берүү тармагынын кызматкерлерин камтуу — 80%.

60 жаштан жогорку курактагыларды экинчи доза менен камтуу 31% түздү.

Бүгүнкү күндө эмделгендер:

биринчи доза менен 1 424 068 адам же 63%,

экинчи доза менен 1 151 374 адам же 51%.

2021-жылдын 20-декабрынан тарта бүтүндөй республика боюнча мурда COVID-19 каршы эмдөөнүн биринчи курсун толук алган бардык каалоочу жарандарга бустердик доза менен иммундоо башталган.

Учурда бустердик доза менен 110 995 адам эмделген.

Exit mobile version