Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда COVID.KG аталышындагы жаңыртылган сайт иштеп баштады

Кыргызстандагы коронавируска байланыштуу бардык маалыматтар жарыялана турган COVID.KG жаңыртылган сайты ишке киргизилди. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Сайтка  мамлекеттик органдар жүргүзүлүп жаткан иштери жөнүндө бардык маалыматты жайгаштырылат жана бардык кызыкдар тараптар өздөрү үчүн кызыктуу маалыматты таба алышат.

Сайтта коронавируска каршы күрөшүү боюнча төмөнкү негизги маалыматтар келтирилген:

Ошондой эле бардык суроолор боюнча кайтарым байланышуу мүмкүнчүлүгү каралган.
Мындан тышкары, бул аянтчада берилген маалыматтын сапаты боюнча атайын сурамжылоо жайгаштырылган.

Бардыгыңыздарды иштелип жаткан маалыматтык өнүмдөрүнүн сапатын жакшыртууга жардам берүүгө чакырабыз.

Онлайн ресурс https://covid.kg/ шилтемеси аркылуу жеткиликтүү.
Ресурс жооптуу органдардын маалымат базалары менен интеграцияланган жана маалымат эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен максималдуу иштөө принцибине ылайык үзгүлтүксүз жаңыланып турат.

сүрөт интернеттен алынды
Exit mobile version