Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда дагы 10дон ашык «Эл аман» дарыканасы ачылат

Жакын арада Кыргызстанда дагы 13 «Эл аман» мамлекеттик дарыканасы ачылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги «Ата Журт» фракциясынын жана «Мекенчил» тобунун жыйынында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Ал белгилегендей, буга чейин өлкө боюнча 87 мамлекеттик дарыкана ачылган.

«Мамлекеттик дарыканалардагы дарылар жеке менчиктегилерге караганда 15-20% арзан сатылат. Мамлекеттик дарыканалардын ачылышы менен жеке дарыканалар бааларын арзандатууда», — деди ал.

Exit mobile version