Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда дагы 14 адам коронавирус жуктуруп алды

Кыргызстанда өпкөнү сезгенткен COVID-19 вирусунун жуктуруунун 14 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Акматованын айтымында ооруну жуктуруп алган 14 адамдын жетөө Ош облусунан болсо, жетөө Жалал-Абаддан.  5 адам кичи ажылыктан келсе, 9 адам мурда жуктуруп алгандар менен байланышта болгон.

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирусун жуктурган 58 учуру аныкталган.

Exit mobile version