Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда дагы 16 адам коронавирустан айыкты

Бир сутка ичинде жалпысынан 16 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Маалыматка ылайык, айыгып чыккан бейтаптардын төртөө Бишкек шаарынан, 12си Жалал-Абад шаарында дарыланып жаткан.

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 130 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Exit mobile version