Өткөн сутка ичинде COVID-19 вирусун 16 медицина кызматкери жуктурган. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде штабдан маалымат беришти.
Алардын ичинен: 9 медкызматкер Бишкек шаарында, 4 – Ош облусунда, 2 – Ош шаарында, 1 – Баткен облусунда.
COVID 19 диагнозу тастыкталган медицина кызматкерлеринин жалпы саны – 79 учур.
Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус илдети 419 адамга жукту. Алардын бешөө каза болгон.