Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда дагы 16 медикке коронавирус жукту

Өткөн сутка ичинде COVID-19 вирусун 16 медицина кызматкери жуктурган. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде штабдан маалымат беришти.

Алардын ичинен: 9 медкызматкер Бишкек шаарында, 4 – Ош облусунда, 2 – Ош шаарында, 1 – Баткен облусунда.
COVID 19 диагнозу тастыкталган медицина кызматкерлеринин жалпы саны – 79 учур.

Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус илдети 419  адамга жукту. Алардын бешөө каза болгон.

 

Exit mobile version