Бир сутка ичинде жалпысынан 25 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
Алардын ичинен Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 2, Ош облусунда 1, Нарын облусунда 16, Жалал-Абад шаарында 4 бейтап үйлөрүнө чыгарылган.
Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 395 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.