Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда дагы 47 медик коронавирус жуктуруп алды

Соңку сутка ичинде өлкө аймагында 47 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды.  Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтуусуна караганда алардын отуз үчү Бишкек шаарында иштеген дарыгерлер. 

Бишкек шаары – 33
Чүй облусунда – 1
Ысык-Көл облусунда – 4
Нарын облусунда – 2
Талас облусунда – 7

Ал эми соңку суткада 11 медициналык кызматкер сакайып, ооруканалардан чыккан.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 830 учур катталды, алардын ичинен 442 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Exit mobile version