Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда дагы 49 медиктен коронавирус табылды

Соңку сутка ичинде өлкө аймагында 49 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Каратаевдин айтымында соңку суткада 49 медик коронавирус жуктуруп алса, 4 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыккан.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 879 учур катталды, алардын ичинен 446 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Exit mobile version