Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда дагы эки адамдан коронавирус аныкталды

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 16 адамга жетти. Бул тууралууу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 23-мартта өтүп жаткан онлайн брифингде айтты.

Акматованын айтымында орунду жуктуруп алгандыгы 23-мартта аныкталган эки жаран 1962-жылы туулган Ноокат районунун тургундары, аял жана эркек. Алар дагы кичи ажылыктан келишкен.

Учурда бул эки жаран менен байланышта болгон адамдар изделүүдө.

 

Exit mobile version