Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда дары-дармектерди көзөмөлдөө системасы ишке кирди

Дары-дармек департаментинде дары-дармектерди көзөмөлдөө системасы ишке кирди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка карганда, иштелип чыккан система контрафакттык медициналык каражаттар менен күрөшүү аркылуу дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын коопсуздугун камсыз кылат.

Система дарыларды өлкөгө киргенден баштап акыркы керектөөчүгө чейин дарыканаларда көзөмөлдөй алат. Ал эми ооруканаларда конкреттүү дары-дармектердин бар экендиги тууралуу маалымат жеткиликтүү болот.

Жарандар мобилдик тиркеме аркылуу сатылып алынган дары-дармектин мыйзамдуулугун текшерип, ал боюнча бардык керектүү маалыматтарды ала алышат.

Система аркылуу чогултулган дары-дармекти керектөө маалыматтары саламаттыкты сактоонун улуттук стратегиясын иштеп чыгуу үчүн колдонулат. Бул система бүткүл Кыргызстан боюнча дары-дармек менен камсыздоонун абалын онлайн режиминде баалоого мүмкүндүк берет.

Телеграм каналыбызга катталыңыз

 

Exit mobile version