Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда дем алышта кармалган 41 мас айдоочуга айып салынды

Кыргызстандын аймагында дем алышта жол эрежелерин одоно бузган 2842 айдоочу аныкталды. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 30-ноябрдан 1-декабрга  караган түнү рейддик иш-чаралар өткөрүлүп, жол эрежелерин бузган бир катар айдоочулар аныкталды.

Алардын ичинен;

— мас абалында унаа башкарган 41 айдоочу;

— тийиштүү докумменттери жок унаа башкарган 29 айдоочу;

— ылдамдыкты ашырып айдаган 578 айдоочу;

— каршы тилкеге чыгып унаа башкарган 24 айдоочу;

Ошондой эле 286 авто унаа одоно жол эрежелерин бузгандыгы үчүн айып короо жайына токтотулду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version