Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда дизель майы кескин кымбатташы мүмкүнбү? Жооп

Россиядан Кыргызстанга дизелдик отун берүүнүн көлөмү кыскарды.  Бул Россиянын нефтини кайра иштетүүчү заводдорунда күйүүчү-майлоочу майлардын кымбатташына байланыштуу. “Акчабар” керектөөчүлөр үчүн баанын кескин көтөрүлүшүн күтүү керекпи же жокпу  деген суроо менен Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатовго кайрылды.

Канат Эшатов учурда Россиянын нефтини кайра иштетүүчү заводдорунда дизель майы тартыш болуп жатканын билдирди.

«Акыркы бир айда дизелдик отундун дүң баасы жогорулады. Буга Орусиядагы күйүүчү майдын тартыштыгы себеп болууда. Учурда россиялык үч заводдо оңдоо иштери жүрүп жатат, алар импорттук катализаторлордун ордуна компаниянын өзүнүн катализаторлорун колдонууга өтүүдө», — деди Эшатов.

Кошумчалай кетсек, Орусия эксперттеринин айтымдарында, айыл-чарба иштери жүрүп жаткан маалда күйүүчү майдын негизги бөлүгү өлкөнүн ички керектөөлөрүн канааттандырууга кетет.

«Бирок бизде дизелдик отундун баасы кескин көтөрүлбөйт. Нефтетрейдерлер бааны кармап турууга аракет кылып жатат.  Өкмөт тарабынан берилген жеңилдетилген кредиттердин жана колдо болгон дизелдик запастын аркасында мүмкүн болду», — деп жыйынтыктады КР Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси.

Exit mobile version