Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда доллардын наркы дагы көтөрүлдү

Кыргызстанда доллардын наркы өсүүдө. Учурда коммерциялык банктарда 1 америкалык валюта 81,1 сомдон, ал эми евро 95,5 сомдон 95,8 сомго чейин сатылууда.

Улуттук банктын расмий курсу боюнча, 1 доллардын сатуу баасы 79,7 сом, ал эми евро 93,5 сомду түзөт.

Буга чейин эксперттер «Акчабарга» билдиргендей, улуттук валютанын төмөндөшү бир нече факторлор менен байланыштуу — чет өлкөлүк валюталарга суроо-талаптын өсүшү, экспорттук-импорттук иш-аракеттердин жанданышы, ошондой эле инвестициялардын өлкөдөн чыгып кетүүсү.

«Рублдин / доллардын курсуна токтолсок, Орусиянын базарындагы абал мурдагыдай эле туруктуу. Москва биржасынын маалыматы боюнча, 1 доллар 77,4 рублден, 1 евро — 90,9 рубльдан сатылууда. Орусиянын Борбордук банкынын маалыматы боюнча, доллар 77,3 рубль, ал эми евро — 90,7 рубль», — деп жазган аталган басылма.

Exit mobile version