Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда эки айда 15 миңден ашык жаран пенсияга чыкты

2023-жылдын январь-февраль айларында 15389 жаранга пенсия дайындалды. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.

Маалыматка караганда, февраль айында фонд 6331 адамга пенсия дайындаган.

Мындан тышкары 1313 пенсионерге эмгек стажы, эмгек акысы, майыптыгы боюнча кошумча берилген документтер боюнча пенсия кайра эсептелди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version