Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда «Электрондук апостиль» системасы ишке кирет

Кыргызстанда жарандарга апостилди электрондук түрдө аралыктан алууга мүмкүндүк берген «Электрондук апостиль» системасы ишке киргизилет. Бул тууралуу Юстиция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, «Электрондук апостиль» платформасында апостиль коюуга арыздарды каттоодон баштап, документтердин жана ыйгарым укуктуу адамдардын кол тамгаларынын аныктыгын текшерүүгө, «Апостиль» электрондук мөөрүн тариздөөгө, аны системада каттоодон өткөрүүгө жана мамлекеттик алымды төлөөгө чейинки процесстер ишке ашырылат.

«Система ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү платформасы «Түндүк» менен интеграцияланат, бул мамлекеттик органдар менен автоматташтырылган маалымат алмашууну камсыз кылат. Мунун аркасында жарандар кошумча маалымкаттарды, кол тамгалардын жана мөөрлөрдүн үлгүлөрүн берүүнүн кереги жок болот — бардыгы санарип форматта текшерилет»,- деп айтылат маалыматта.

Exit mobile version