Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда эми мамлекеттик төлөмдөрдү онлайн төлөсө болот

Жогорку Сотто “Мамлекеттик жыйымдарды онлайн төлөө” системасын пилоттук ишке киргизүүнүн бет ачары болду. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы санариптик кызмат жарандарга каалаган ыңгайлуу учурда сотко же банкка өзү барбастан мамлекеттик жыйымдарды төлөө мүмкүнчүлүгүн берет.

Сервис Сот департаментинин алдындагы «Адилет сот» ИТИ тарабынан иштелип чыккан жана Финансы министрлиги, мамлекеттик жана коммерциялык банктар менен биргеликте ишке ашырылууда.

Жогорку Соттун sot.kg расмий сайтында мамлекеттик жыйымдын онлайн калькулятору жайгаштырылган, анын жардамы менен берилүүчү арыздын мүнөзүнө жараша алымдын суммасын өз алдынча эсептей аласыз.

Мамлекеттик жыйым — бул сотко кайрылууда, юридикалык мааниге ээ документтерди алууда же башка юридикалык аракеттерди жасоодо төлөнүүчү милдеттүү төлөм. Аны жеке адамдар да, юридикалык жактар да төлөшөт.

Exit mobile version