Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда эт өндүрүү өстү

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, өткөн жылдын январь-декабрь айларында союу үчүн мал жана канаттууларды өндүрүү (тирүү салмакта) 2,9%га өскөн.

Сүт (2,1%) жана жумуртка (7,7%) өндүрүү да оң динамикага ээ болгон. Ведомстводо белгиленгендей, өсүү малдын жана үй канаттууларынын саны көбөйгөнү менен камсыздалууда.

Белгилеп кетсек, ар бир уйдан орточо сүт саап алуу 214,7 килограммды түзгөн. Сүт саап алуунун республикалык орточо деңгээли Чүй (3 миң 25,3 килограмм), Талас (2 миң 269,2 килограмм) жана Ысык-Көл (2 миң 43,4 килограмм) райондорунун чарбаларында ашып кеткен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version