Кыргызстанда эттин баасы канча болууда?

Кыргызстанда эттин баасы канча болууда?

Чекене баага күнүмдүк мониторингдин негизинде 2021-жылдын январына салыштырмалуу 11-февралдагы абалы боюнча өлкө аймагындагы уй, кой жана жылкы этинин орточо баасына анализ жүргүзүлдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, өткөн айларга салыштырмалуу 11-февралга карата уй этинин баасы республика боюнча 2,77 сомго, же 0,6%га, кой эти килограммы 8,17 сомго же 1,9%га, жылкы эти 2,29 сомго же 0,6%га кымбаттаган.

Уй этинин эң кымбат баасы Ош шаарында – 452,48 сом, кой этинин эң кымбат баасы Кара-Суу шаарында – 470 сом, жылкы эти Нарын шаарында 445,48 сомго бааланган.

Ошону менен катар уй жана кой этине минималдуу баа Манас районунун Покровка айылында 374,37 сом, жылкы эти Кара-Суу шаарында 300 сом болуп катталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>