Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда эттин чекене баасы жыл ичинде 22% га кымбаттады

Үстүбүздөгү жылдын 27-октябрына карата эттин чекене баасы жыл ичинде орточо эсеп менен 22%га жогорулаган. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет 18 калктуу пунктта орточо керектөө бааларынын күнүмдүк мониторингинин жыйынтыгына таянып билдирди.

Республика боюнча уй этинин чекене баасы орто эсеп менен 478,1 сомду түзүп, былтыркы жылдын ушул күнүнө салыштырганда 77,9 сомго же дээрлик 20%га өскөн, ал эми кой этинин баасы тиешелүүлүгүнө жараша кг үчүн 484,7 сомду (+ 25%) түзгөн.

«Уй этинин максималдуу чекене баасы Ош, Кара-Суу шаарларында 1 кг үчүн 500 сом жана Бишкек шаарында 481,3 сомду түздү. Ал эми минималдуу чыгым Токтогул шаарында – 1 кг үчүн 410 сом, Покровка айылында – 440 сом, ошондой эле Караколдо – 447,5 сомду түздү», — деп белгилейт Улуттук статистикалык комитет.

Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу уй этине болгон баалардын эң көп өсүшү Каракол жана Нарын шаарларында катталып, алар 26,3%га өскөн.

«Кой этинин чекене баасы республикалык орточо көрсөткүчтөн жогору болуп, Кара-Сууда 550 сомдон, Ошто 525 сомдон, Жалал-Абадда, Кербенде, Исфанада, Баткенде, Ноокатта жана Өзгөндө 500 сомдон жогору болду», — деп айтылат маалыматта.

Мында кой этинин минималдуу баасы Покровка айылында 1 кг 430 сомдон, Каракол, Токтогул шаарларында жана Чаек айылында 450 сомдон белгиленди.

Мында кой этинин баасы эң көп Кербен (+ 31,6%), Токмок (+ 29,7%) шаарларында жана Чаек айылында (+ 28,6%) кымбаттады.

Exit mobile version