Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда евронун наркы эмне үчүн кымбаттады? Жооп

Кыргызстанда евронун базар баасы 1 сомго көтөрүлдү. Буга борбордогу Моссовет алмашуу бюролорундагы маалыматтар далил.

Кечээ, 1-февралда акча алмаштыруучу жайларда европалык валютаны сатуунун орточо баасы 95 сомду түзсө, бүгүн 96 сомду түзүүдө.

Алмашуу бюролор ассоциациясынын жетекчиси Думан Рыскуловдун айтымында, валюта базарындагы мындай абал дүйнөлүк тенденцияга байланыштуу.

“Чындыгында евронун курсунун өзгөрүп жатканы байкалууда. Евронун курсу дүйнөлүк рынокто, анын ичинде бизде да көтөрүлдү”, — дейт Думан Рыскулов.

Кошумчалай кетсек, Улуттук банктын маалыматы боюнча евронун расмий курсу 2-февралга карата 93,8001 сом деп белгиленген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version