Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампания старт алды

Бүгүн, 25-ноябрда республика боюнча «Коркпо! Токтот! Жаша!» девизи астында гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампания старт алды.

Акциянын негизги максаты – коомдун үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулукка каршы аракеттерин жогорулатуу, аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чаралар аркылуу коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу, бул көйгөйгө коомчулуктун көңүлүн буруу.

Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйынын өткөргөн.

Эгерде өлкө калкынын жарымынын потенциалы пайдаланылбай, ал эми аялдардын укугу бузулуп жатса, дүйнөдөгү бир дагы мамлекет динамикалуу өнүгө албайт. Учурда мамлекет тарабынан аялдарды коргоо боюнча комплекстүү ченемдик-укуктук базаны түзүү боюнча тыкыр иштер жүргүзүлүүдө. Зордук-зомбулукка каршы саясатты натыйжалуу ишке ашыруу бардык мамлекеттик органдардын ырааттуу ишинен көз каранды экенин баса белгилегим келет. Бардыгыбыз бул ишке активдүү катышышыбыз керек”, — деп билдирген Эдил Байсалов.

Маалымат үчүн: 

25-ноябрда – Аялдарга карата зомбулукка каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү, 10-декабрда Адам укуктарынын эл аралык күнү белгиленет. Министрлер кабинети гендердик зомбулуктун алдын алуу боюнча чараларды көрүү боюнча аракеттерди көрүүдө.

2022-жылдын 16-сентябрында 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук стратегия жана 2022-2024-жылдарга гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук иш-аракеттер планы бекитилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version