Үстүбүздөгү жылдын январь айында ички дүң өнүмдүн көлөмү алдын-ала эсептөө боюнча 31 млрд сомду түздү. Бул өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу 1,8 пайызга жогорулаган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинен билдиришти.
Белгилей кетсек, «Кумтөр» ишканасын кошпогондо, ИДПнын көлөмү 2020 — жылдын январь айында 28 млрд сомду түзүп, 2,5 пайызга жогорулаган.