Кыргызстанда көмүрдүн баасы канча экени айтылды

Кыргызстанда көмүрдүн баасы канча экени айтылды

Кыргызстанда көмүрдүн баасы тоннасына 3,5 миңден 4 миң сомго чейин турат. Бул тууралуу маалымат жыйында Өндүрүш, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Мырза Жаманбаев билдиргенин «Акчабар» экономикалык маалыматтык сайты жазды.

Айтымында, жылуулук мезгилинде өлкөгө 2,5 миллион тонна көмүр керектелет.

«Бүгүнкү күндө план боюнча бара жатабыз, түндүк аймакта 541 миң тонна көмүр, түштүктө 1,4 миллион тонна көмүр даярдалган. Жалпы 1,5 миң тоннага жакын. Алдыда -ноябрь менен декабрь, керектүү өлчөмдү даярдоого жетишебиз», — деди ал.

Мырза Жаманбаев көмүр канчадан сатылып жатканын айтып берди.

«Казакстандан 3-4 компания ташып келет, алар Чүй, Ысык-Көл облустарында тоннасын орточо 3,9 миң сомдон сатышууда. Жергиликтүү көмүрдүн тоннасы карьерде 1,3 миң сом, Бишкекте ташып келүү кызматын кошкондо орточо 3,5 −4 миңден сатып жатышат», — деди аткаминер.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>