Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда кайсы маркадагы унааны көп айдашат?

«Унаа» мамлекеттик мекеменин маалыматына ылайык, 2020-жылдын декабрь айына карата 1.4 млн автоунаа катталган. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Жалпысынан Кыргызстанда 1.7 миң ар түрдүү маркадагы авто унаалар катталган.

Топ-5ке «Mercedes-Benz», «АвтоВАЗ», «Дэу», Toyota и HONDA автоунаалары кирген. Жалпысынан Кыргызстандын жолунда жүргөн 138.2 миң «Мерседес», 136.5 миң «ВАЗ», 133.5 миң «Дэу» маркасындагы автоунаалар бар. Жапониялык Toyota жана HONDA рейтингден 4-5-орунду ээледи. Бул автоунаалардан Кыргызстанда 124.8 миң жана 117.02 миң бар.

Кошумчалай кетсек, 5-орундан 10-орунга Корея, Германия, Орусия жана Япониядан келген автоунаалар ээлеген.

Exit mobile version