Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда калкы эң көп киреше тапкан облус аныкталды — тизме

Кыргызстанда ушул жылдын биринчи кварталында облус тургундарынын реалдуу акчалай кирешеси канча сомду түзгөндүгү аныкталды.

Улуттук статистикалык комитеттин үй чарбаларынын тандалма изилдөөсүнүн маалыматына караганда, калктын акчалай кирешелеринин негизги булактары эмгек ишмердигинен алынган кирешелер болгон. Алардын үлүшү 67,8%ды түздү.

Алсак, Ысык-Көл облусунун тургундарынын биринчи кварталда реалдуу акчалай кирешеси 11 миллиард 675,1 миллион сомду түздү.

Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу киреше 8 млрд 210,5 млн сомду түзүп, 29,8%га өскөн.

«Керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген калктын реалдуу акчалай кирешеси 133,5 млрд сомду түздү. 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүш 5,2% болду”, — деп билдирет статистикалык комитет.

Облус тургундарынын биринчи кварталда реалдуу акчалай кирешеси: 

— Ош облусунда 33 миллиард 158 миллион сом;

— Жалал-Абад облусунда 25 миллиард 205,4 миллион сом;

— Чүй облусунда 19 миллиард 808,9 миллион сом;

— Ысык-Көл облусу 11 миллиард 675,1 миллион сомду түздү.

— Баткен облусунда 9 миллиард 399,6 миллион сом;

— Талас облусунда 4 миллиард 653,2 миллион сом;

— Нарын облусунда 4 миллиард 490,6 миллион сом.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version