Айыл чарба министрлиги 2024-жылдын аягына карата өлкөдө мал-жандыктын саны канчага жеткенин эсептеди.
Министрликтин маалыматы боюнча, 2024-жылдын аягына карата өлкөдө бодо малдын саны 1 млн 828 миң 527ни түздү, мурдагы жылга караганда ал 1,5% га көп. Анын ичинен уйлардын саны 918 миң 638ге жетет.
Кой-эчкинин саны 6 млн 282 миң 810ду түзгөн. Ал 2023-жылга караганда 1,1% га көп. Жылкылардын саны 553 миң 531 башты түзүп, 2 %га көбөйгөн.
Үй канаттууларынын саны 7 млн 724 миң 314кө жетип, 2023-жылга салыштырмалуу 10,5 %га өскөн.