Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда канча үй-бүлө электр энергияга 50 тыйындан төлөйт?

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргызстанда канча үй-бүлө электр энергиясын жеңилдетилген тариф менен төлөп жатканы тууралуу маалымат берди.

Маалыматка караганда, президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, 2022-жылдын январь айынан тарта 16 жашка чейинки балдары бар жана «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн ай сайын 700 кВт/саатка чейинки электр энергиянын тарифи 50 тыйын деп белгиленген.

«Мындай чара аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө даректүү социалдык колдоо көрсөтүүнүн алкагында кабыл алынган. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин буйругу менен аймактык бөлүмдөргө ар бир айдын 15-күнүнө чейин «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун алуучулардын тизмелерин РЭСке берүү тапшырылды. Ошондой эле электр энергиясын пайдалануу үчүн жеңилдетилген тарифти алган үй-бүлөлөрдүн саны боюнча ай сайын отчет берилиши керек», — деп билдирет министрлик.

Белгилүү болгондой, учурда Кыргызстанда 93,4 миңден ашык үй-бүлө электр энергиясы үчүн жеңилдетилген тариф менен төлөшөт::

Министрлик билдиргендей, 1-майдан тарта электр энергиясына тарифтин көтөрүлүшү аталган үй-бүлөлөргө таасир этпейт. Алар үчүн жеңилдетилген тариф сакталат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version