Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда казылган кендин 71 пайызы Кытайга экспорттолот

Кыргызстандын алтыны үчүнчү өлкөлөргө 2018 — жылы 19,5 миң тонна кен экспорттолгон. Мындай маалымат бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болду.

Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлү Замирбек Карашевдин маалыматында, 2019 — жылы 20 миң 423 тонна кен үчүнчү өлкөлөргө ташылып кеткен. Бажы кодексине ылайык, экспорттон 0,25% бажы салымдары алынат. Муну менен катар, 2018 — жылы экспорттон түшкөн бажы салымдары 3 млн 800 миң сомду, 2019 — жылы 4 млн 722 миң сомду түзгөн.

Жалпы казылган кендин 71 пайызы Кытайга экспорттолот. Бул болжол менен 14 тонна 300 килограммды түзөт.

Exit mobile version