Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда кедейчиликтин деңгээли көтөрүлдү. Эмнеге?

Бюджет көтөрүлүп жатат, а бирок, кедейчилик көтөрүлүп кетти. Буга эмне себеп? Бул суроону Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков парламенттин 8-декабрындагы  жыйынында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевге берди.

Ал эми министр Амангелдиев ички дүң өндүрүмгө карата кедейчиликтин саны көбөйүп бара жатканын айтты.

Ал ортодо депутат «ички дүң продукция көтөрүлсө, кедейчилик эмне себептен өсүп жатат? Демек, ИДП өссө, элдин жашоо шарты жакшырып жатат да», деп суроого тактоо киргизди.

Буга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жооп берип, “Инфляция, баалардын көтөрүлүшү. Бизде импорттук инфляция болуп жатат” — деди.

Улуттук статистиканын маалыматы боюнча, 2021-жылы кедейчиликтин деңгээли 33,3 пайыз, 2019-жылы 20 пайыз, 20220-жылы 25 пайыз болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version