Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда кимдердин айлыгы эң көп жогорулаганы айтылды

Президенттин “Кыргыз Республикасынын бюджеттик тармагынын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шарттарын жакшыртуу жөнүндө” жарлыгына байланыштуу эмгек акыны жогорулатууга 32,2 миллиард сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Эмгек акынын жогорулашы төмөнкүдөй болду:

— билим берүү жана илим кызматкерлери үчүн эмгек акы 180%га чейин;

— медициналык кызматкерлер 150%га чейин;

— маданият, маалымат жана спорт кызматкерлерине 200%га чейин;

— социалдык коргоо кызматкерлери 200%га чейин;

— мамлекеттик кызматчылар 181%га чейин;

— муниципалдык кызматкерлер 177%га чейин;

— мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жумушчулар 172%га чейин;

— техникалык тейлөө кызматкерлери 160%га чейин;

— кенже тейлөөчү персонал 150%га чейин.

Ошондой эле, 2022-жылдын 1-октябрынан тартып прокуратура органдарынын кызматкерлерин кошпогондо, аскер кызматкерлеринин жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жылдык эмгек акысынын 80%ына чейин кызмат өтөө үчүн үстөктөрдү жогорулатуу чечими кабыл алынган.

Буга чейин Экономика министрлиги бюджеттик мекемелердин кызматкерлерин социалдык жактан колдоо жана статусун жогорулатуу, ошондой эле алардын эмгеги үчүн кошумча стимул берүү максатында 2022-жылы эмгек акы 50%дан 100%га чейин көтөрүлгөнүн маалымдаган. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version