Кыргызстанда китептердин сапатын жакшыртуу үчүн «Окуу китеби» борбору түзүлдү

Кыргызстанда китептердин сапатын жакшыртуу үчүн «Окуу китеби» борбору түзүлдү

Окуу китептеринин мазмунун, сапатын жакшыртуу максатында республикалык илимий-практикалык «Окуу китеби» борбору түзүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Аталган борбор төмөндөгү иштерди жасайт:

Жаңы муундагы окуу китептери менен камсыздайт;

Авторлорду окутуп, алардын базасын түзөт;

Эксперттерди окутуп, аларды сертификациялайт;

Окуу китептерин сапаттуу экспертизадан өткөрөт;

Экспертизанын 4 түрүн уюштурат (илимий, илимий-педагогикалык, педагогикалык-практикалык, гендердик);

Окуу китептерин даярдоого байланыштуу нормативдик документтерди иштеп чыгат;

Окуу китептеринин мазмунуна мониторинг жүргүзөт;

Окуу китептеринин сапатын жакшыртуу үчүн басма үйлөрүнө сунуш берет.

Электрондук окуу китептерин даярдайт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>